13:40
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Токон Мамытов: Укук коргоо органдарынын отставкасы менен эч нерсе чечилбейт

«Укук коргоо органдарынын отставкасы менен эч нерсе чечилбейт. Азыркы жетекчилердин ордуна мындан да начарлары келиши мүмкүн» — деп билдирди мурдакы вице-премьер-министр Токон Мамытов «24.kg» агенттигинин Коопсуздук кеңешинин жыйынтыгы боюнча суроого жооп берип жатып.

Анын айтымында, жемкорлук азыркы түзүмү көп жылдан бери иштеп келе жатат.

«Президент күч, прокуратура жана сот органдарына жемкорлук менен күрөшүү боюнча ишине канааттандырарсыздык деп баа койду. Ооба сын катуу болду, бирок айтылган сөз жана фактылар чындык. Өлкө башчысы так тапшырма койду. Эми талкуудан ишке өтүш керек», — дейт Токон Мамытов.

Анын пикиринде, президент ишин сындаган жетекчилерге убакыт берүү керек.

«Аларды кызматтан алсак, ордуна кимди алып келебиз? Бизде аз эле кадрлар бар» -деди ал.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков кечээ Коопсуздук кеңештин жыйынында ИИМ, УКМК, Башкы прокуратура, Жаза аткаруу кызматы, фискалдык органдарды жана сот бийлигин сынга алды. Ал ар бир тармактагы статистикага топтолуп, кемчиликтерин белгиледи. Президенттин айтымында, бул органдар жемкорлукка белчесинен баткандыктан, жемкорлук менен күрөштөн жыйынтык чыкпай жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума