8-март эл аралык күнүнө карата Бишкек мэриясы жибек жоолук сатып алат

09:13, 09 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек мэрия Эл аралык аялдар күнүнө даярдык көрүүдө. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталында жарыя пайда болду.

Мэрия майрамга карата 850 миң сомго белек алат. Аларды 7-март күнү Улуттук филармонияга жеткирүү керек.

Жалпысынан 1 миң белек алынат. Ар биринде бирден жибек жоолук жана баркыттан кутуча болушу керек.