16:56, 08 февраля 2018, Бишкек - 24.kg
«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Биз жолдошум экөөбүз бир аз акча топтогонбуз. Эми жолдошум Меккеге зыяратка жөнөп, топтолгон акчаны коротмокчу. Биз ал акчага үйдү кеңейтели деп чечкенбиз. Ал абдан динчил болуп кетти. Кантип кайра өзүнө келтирсем болот ? Деги ажыга ушунтип барган турабы?
Үй-бүлө баардык маселени сүйлөшүп гана чече алат. Жолдошуңуздун динчил болуп кеткени — бул анын жаш курагына байланыштуу болушу мүмкүн. Мындан туура жыйынтык чыгарсаңыз да болот. Адамдардын кайсы бир куракта, айрыкча орто жашында кызыкчылыктары алмашат. Эгер ал туура диний жолго түшүп, ишеними түз болсо андан эч бир өөн көрүнүш издебей эле койсоңуз болот.