13:05
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өрт өчүрүүчүлөр Ош шаарынын борбордук базарынын коопсуздугун текшеришти

Өрт өчүрүүчүлөр Ош шаарынын борбордук базарынын коопсуздугун текшеришти. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, машыгууда Өрт кызматынын унаасы базарды аралап, жолдордун кеңдигин жана өтүү мүмкүнчүлүгүн текшерди.

«Унаа белгиленген жерге жете албады. Эгерде базардын ичинде өрт чыкса, өрт өчүрүүчү унаалар өтүүчү жолдор жабык экени аныкталды»- дейт мэрия.

Эскерте кетсек, өткөн жылы Ош шаардык мэриясы тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан базардын 4 жерине суу гидрантын орнотуу боюнча тапшырма берилген. Бирок, машыгууда анын бирөө да коюлбаганы аныкталды.

Машыгуунун жүрүшүндө соодагерлер арасында биринчи тутанган жалынды өчүрүүнүн эрежелери үйрөтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргузүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар