16:08
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстан «Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсүнө катышат

Кыргызстан «Дубай ЭКСПО-2020» бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнө катышат. Өкмөттө ага даярдык көрүү боюнча комитет түзүлдү.

Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүндө улуттук көргөзмө оператору катары Соода-өнөр жай палатасы аныкталып, ага бардык уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча функциялар ыйгарылган.

«Дубай ЭКСПО-2020» 2020-жылдын 20-октябрынан тартып 2021-жылдын 21-апрелине чейин өтөт жана Жакынкы Чыгыш, Африка жана Туштук Азия (ЖЧАТА) аймагындагы араб мамлекетинде өтүүчү биринчи бүткүл дүйнүлүк көргөзмө болуп саналат. Көргөзмөнүн аймагы аудиториясы 25 миллиондон ашуун келүүчүлөр эсепке алынган — анын ичинен 70% чет элдиктер, бул ЭКСПО өткөрүлүп келген мезгилден тарта чакырылган чет элдик көрүүчүлөрдүн саны эң көп болгондугунан кабар берет. Ошондой эле, көргөзмөнүн ишине 180 өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби