Мелис Аспековдун соту жабык эшик артында өтүп жатат

10:51, 07 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «Мекенчил» партиясынын мүчөсү Мелис Аспековдун соту жабык эшик артында өтүп жатат. Бул тууралуу айыпталуучунун агасы Азамат Аспеков билдирди.

«№ 1 тергөө абагында кармалган иним менен жолуктурушпайт. Тамак-ашты да араң киргизип берип жатабыз. Кылмыш ишине дагы «Купуя сыр» макамы ыйгарылып, жабык. Ага коюлган айыптардан бирөө гана «Массалык башаламандыкка даярдоо» беренеси калтырылганын билем» — дейт ал.

Мелис Аспеков 2017-жылдын октябрь айында кармалды. УКМК аны парламенттин депутаты Канатбек Исаев менен бирге өлкөгө массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу аракеттенген деп айыптоодо.