11:55
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте 2 миң 588 бала кызамыкка каршы эмделген эмес

Бишкекте 2 миң 588 бала кызамыкка каршы эмделген эмес. Бул тууралуу мамлекеттик эпидеомологиялык көзөмөл департаментинин башкы даарыгери Артур Буюклянов билдирди.

Анын айтымында, ар бир үй-бүлө менен жеке сүйлөшүүдөн кийин эмдөөдөн баш тарткан 15 жаран кайра макулдугун берди. Бишкекте учурда 21 киши кызамык менен катталды.

«2017-жылдын декабрь айында оорууканага бир нече бала кызамык менен түшкөн. Алар Россияда иштеген мигранттардын балдары. Илдетти ошол жакта жуктуруп алышкан» — дейт ал.

Эскерте кетсек, 2014-жылы Кыргызстанда кызамык күч алып, 9 миң кишиге жуккан. Бул оорууну бир жашка чейинки балдар жуктуруп алышы ыктымал. Анткени, бир жашында гана эмдөө жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар