Күйүүчү май баасы өсүүдө

11:18, 06 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Күйүүчү майга баа кымбаттады. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлеринин ассоциациясы билдирет. Бензин 0,8 сомго же 2 пайызга, дизель майы 2 сомго, же 5 пайызга көтөрүлдү.

Ассоциациянын маалыматында, ага Россияда мунайзатка баанын өсүшү себеп болууда. Акыркы айда Россияда бензин 3-5 пайызга, дизель майы 7 пайызга кымбаттады.

«Баалардын өсүшү дүйнөлүк рыноктогу ахыбалга байланыштуу. 2018-жылдын январь айында бир баррель 69 долларга сатылып, үч жылдан берки жогорку көрсөткүчкө жетти», —дейт ассоциация.

Ассоциациянын божомолунда күйүүчү майдын баасы дагы 4-6 пайызга кымбатташы мүмкүн.