08:15
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ош жана Жалал-Абад жаштары достошууда

Ош шаарында түзүлгөн «Инсан таануу» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү «Достук кербени» менен Жалал-Абад шаарына келишти. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Жалпы 24 ыктыярчы жаштардан турган топ адегенде Сузак районундагы Калмак-Кырчын айылында жайгашкан «Курманбек» баатырдын эстелиги менен таанышып келип, андан соң Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу корпустары, шаардагы тарыхый жайлар жана музейлерди кыдырат.

Жаштар арасында достук мамилени бекемдөө жана башка област-шаарлардагы тарыхый жайларга зыярат кылуу максатында 2016-жылы «Достук кербени» түзүлгөн. Кербен коңшу Казакстан өлкөсүнүн Алма-Ата шаарына 2 жолу, Өзбекстандын Ташкент шаарына да барып келишкен.

«Алдыда Кыргызстандын түндүк аймактарын кыдырууну пландаганбыз. Чындыгында Жалал-Абад шаарын көрө элек ыктыярчыларыбыз да бар эле. Ошондой эле, биздин бирикме өлкөбүздүн үч шаарына — Ош, Бишкек, жана Жалал-Абадга «Көчө китепканасын» ачкан элек. Жалал-Абаддагы көчө китепканасынын абалын көрүп, китептер азайып кеткен болсо, толуктап коюу үчүн китептерди көтөрүп келдик» — дейт «Инсан таануу» коомдук бирикмеснин мүчөсү Өмүрбек Жороев.

«Достук кербени» мындан ары Баткен шаарына барат. Андан ары түндүк аймагындагы областтарды жана шаарларды кыдырат.

Эң көп окулган жаңылыктар