Алайда жоголгон мергенчинин сөөгү табылды

17:51, 05 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Алай районунда жоголгон мергенчинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.

28-январы күнү Октябрь айылынын тургуну Д. Матишов Сары-Күнгөй тоосун көздөй аң улоого чыгып, дайынсыз жоголгон. Аны издөөгө ӨКМдин куткаруучулары, милиция жана туугандары тартылып, алты күндөн кийин гана сөөгү табылды.