Ош шаарында энеси сабаган үч жашар бала комада жатат

10:52, 05 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Ош облустук ооруканага сабалып түшкөн үч жашар бала комада жатат. Даарыгерлердин билдирүүсүндө, 2015-жылы туулган А. Бексултан оор абалда.

Алдын-ала билдирүүлөр боюнча, бала 24 жаштагы өз энеси тарабынан сабалган. Анын ата-энеси ажырашып кеткен.