Суроо-жооп. Аялдын мүлккө укугу мыйзам менен бекитилген

10:36, 05 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Курбумдун күйөөсү динге берилип кетип, айлап даваатта жүрүп үй-бүлөсүнө карабай калгандыктан ажырашып жатышат. Үй жаш баласы бар. Үйүнүн тийиштүү кагаздары жок экен. Бирок жер тилкеси жолдошуна жазылган. Аялы катары жер тилкесинин жарымына укугу барбы?

Жооп: Эгер жер тилкеси кийин экөө үйлөнгөндөн кийин сатылып алынган болсо, жерге эмес, үйгө да укугу бар. Андан тышкары, үйгө үч баласы дагы укуктуу. Ошондо үй беш адамдын ортосунда бөлүнөт.