Суроо-жооп. Баланын дагы динин тандоо укугу бар

17:19, 02 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Менин алты жаштагы жээниме атасы жоолук салып койду. Абдан кыжырым келет. Биз араб

өлкөсүндө жашабагандан кийин, анүстүнө секелек кыз жоолуксуз жүрсө эле эмне күнөө кылып, кудайга шек келтирет?

Жооп: Бала үчүн албетте ата-эне жооптуу. Бирок, ата-эне өзүнүн бала алдында милдеттерин жана баланын укуктарын дагы унутпашы керек. Ата-эне балага билим берип, анын ар тараптан өнүгүүсүнө жол ачышы керек. Бала чоңойгондо өзүнүн дин тандоо укугун колдонуп, ишенимин кабыл алат.