14:53
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Айданек Текебаева: Атам камерадагы видеобайкоону «Дом2» деп тамашалап олтурат

«Атам камерадагы видеобайкоону «Дом2» деп тамашалап олтурат» — деп «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кызы Айданек өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Айданек атасы менен жолугушуп кайтканын маалымдап, анын камерасында видеобайкоо орнотулганын ырастайт.

«Видео байкоо бар экен. Аны жолугушуу учурунда убактылуу жаап коюуга да макул болушбаптыр. Атам «бизде ушундай «Дом2» деп таламашалап олтурат» — дейт саясатчынын кызы.

Эскерте кетсек, өткөн жумада № 47 абакта мөөнөтүн өтөп жаткан «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камерасына видеобайкоо орнотууганы белгилүү болду. Жаза аткаруу кызматы алгач аны саясатчыныны макулдугу менен анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жайгаштырылганын билдирди. Кийинчерек ага партия лидери уруксат бербегени аныкталды.

Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Александр Никсдорфдун айтымында, видео байкоо орнотуу үчүн эркинен ажыратылган жарандын уруксаты керек эместигин айтууда.

Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары бул боюнча БУУнун адам укугун коргоо комитетине арыз жолдошту.

Эң көп окулган жаңылыктар