Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,5 миллиард доллардан ашты

12:45, 02 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,5 миллиард доллардан ашты (311 миллиард 846 миллион сом). Бул тууралуу финансы министри Адылбек Касымалиев маалымат жыйында билдирди.

Тышкы карыз — 4 миллиард 81 миллиондоллары  (280 миллиард 905 миллион сом), ички карыз — 449 миллион (30 миллиард 941 миллион сом) доллар.

«Россия менен 240 миллион доллар карызды кечүү боюнча келишим бар. Ага бирок азыр кол коюула элек. Кол коюлса, тышкы карыздын көлөмү азаят», — деди министр.