12:39, 02 февраля 2018, Бишкек - 24.kg
Мурдакы виц-премьер-министр маркум Темир Жумакадыров кабылган жол кырсыгы боюнча соттук териштирүү аяктоодо. Бүгүн сот өкүмү күтүлөт.
Айыпталуучу акыркы сөзүндө жол кырсыгында каза болгондордун үй-бүлөсүнөн кечирим сурады.
«Бул кырсык болду. Мен атайын жасаган жокмун. Кечирим сурайм», — деди Автандил Таалайбек уулу.
Эскерте кетсек, 7-октябрда Бишкек-Кара-Балта жолунун 36-чакырымында жол кырсыгында вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бара жаткан ууна КамАЗ менен сүзүшүп кеткен. Темир Жумакадыров менен бирге, анын айдоочусу жана жардамчысы көз жумду.
Темир Жумакадыров 38 жашта болчу. Анын артында үч кызы калды.