09:28, 02 февраля 2018, Бишкек - 24.kg
Cоттордун чыгарган чечимдеринен күмөн санабаш үчүн анын мазмуну расмий сайтка жайгаштарылышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев «Парламент» радиосуна курган маегинде билдирди.
Андан тышкары депутат, — «Ар бир сот болом деген талапкер сынакка катышуу учурунда жазуу жүзүндө мен ишке орношкон соң, өзүмдүн жана жакындарымдын телефон сүйлөшүүлөрүн угууга макулдугумду берем, — деген тил кат жазып берүүгө тийиш. Бул тууралуу тиешелүү мыйзамдын өзгөртүүлөрү демилгеленген. Бул дагы соттордун көз карандысыздыгын камсыздоого өбөлгө болот», — деген мисалдарды келтирди.
Ошондой эле депутат биринчи инстанцияда турган райондук сотторду мүмкүн элдердин тандоосуна коюп шайласак бул дагы элдин сотторго деген инеиимин бекемдей алат беле? — деген жеке пикирин да кошумчалады.
Сот реформасы жана анын жыйынтыктары тууралуу маселеге бир гана депутаттар эле эмес, жалпы коомчулук дагы жакындан баам салып, сунуштарын айтсын деген максатта «Республика — Ата — Журт» фракциясы парламенттик угуу өткөрүүнү максат кылууда. Иш чара Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулат, — дейт парламентарий.