16:30
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга расмий сапары башталды

Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга расмий сапары башталды. Душанбе шаарынын эл аралык аба майданында Сооронбай Жээнбековду коңшу мамлекеттин премьер-министри Кохир Расулзаде тосуп алды.

Аба майданында ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.

Эки күндүк визиттин алкагында Сооронбай Жээнбековдун Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон менен тар жана кеңири курамдардагы жолугушуулары болжолдонгон. Визиттин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат. Эки Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Президент орунга олтургандан бери Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Өзбекстан, Казакстанда, ал эми иш сапары менен Москва жана Минск шаарларында болду.

Душанбеде жолугушууда чек ара маселеси дагы талкууланат. Өзбекстандан кийин кыргыз-тажик чек арасы дагы көйгөйлүү темалардын бири. Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 971 чакырым, анын 471 чакырымы аныктала элек. Тажикстан менен Кыргызстандын Баткен облусу чектелет. 

Эң көп окулган жаңылыктар