15:03, 01 февраля 2018, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен жөө жүрүп, коомдук транспорт менен жумушка келген депутаттар жалаң аялдар. Бул тууралуу парламенттин маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, Карамат Орозова, Евгения Строгова, Аида Касымалиева, Альфия Самугулина жумушка коомдук транспорт менен келишет.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары, «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитиенко дагы жумушка коомдук транспорт менен келерин кошумчалашты.
Эскерте кетсек, бүгүн депутат Камчыбек Жолдошбаев коомдук транспорт колдонгон кесиптештери үчүн уяларын айтып, кызматтык ууна маселесин кайра карап чыгуунун сунуштады.