14:01, 01 февраля 2018, Бишкек - 24.kg
«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Кошунам жакында уулду болду. Аялы төрөт үйүнөн чыкканча, күйөөсү үйүн бизге дайындап коюп,
Жооп: Жок, албетте үй-бүлө жогору турат. Кошунаңыз өзүнүн үй-бүлөсүнө көңүлү жоктугун көрсөтүп жатат. Эгер ал өзүн динге ишенген мусулман катары эсептесе, анда аялынын жанында болуп, уулун кароого көмөктөшүп, жакшы сөз, жакшы ниети менен даваат кылмак.
Негизинен даваат 3-40 күн менен чектелбейт. Исламга элди чындап үндөгөн адам жыл бою, мүнөт сайын өзүнүн таза жан дүйнөсү, үлгүлүү жүрүм-туруму, ыйманы жана адеп-ахлакы менен даваат кылат.