Бишкек суу каптоо коркунучунда. Ала-Арча дарыясын тазалоо уланууда

11:31, 01 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарындагы Ала-Арча дарыясын муздан жана кардан тазалоо уланууда. Бул тууралуу ордо кааланын мэриясы маалымдайт.

Алардын маалыматында, бүгүн «Жашылдандыруу» ишканасынын кызматкерлери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирге дарыянын Рыскулов көчөсүндөгү бөлүгүн тазалоодо. Ага 17 оор техника тартылды.

Кечээ дарыянын Малдыбаев көчөсүндөгү бөлүгүндө суу ташыган. Окуя болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов келди. Өкмөт дарыянын агымы дыкат көзөмөлдө турганын айтышууда.