Аксы районундагы шахтыда көмүр казып алып жаткан кишини таш басып калды

09:53, 01 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Тыт айылындагы мыйзамсыз түрдө көмүр казылып жаткан шахтыда бир кишини таш басып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, каза болгон киши райондун Жолборсту айылынын тургуну, 1992-жылы туулган М.Ч.

ӨКМдин куткаруучулары анын сөөгүн алып чыгып, туугандарына өткөрүп берди.