USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Кыргызстан алган насыялардын 70 пайызы энергетика тармагына жумшалат

14:57, 31 января 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан алган насыялардын 70 пайызы энергетика тармагына жумшалат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйында айтылды.

Улуттук энергохолдингтин жетекчиси Айбек Калиевдин маалыматында, акыркы жети жылда энергетика тармагына 1 миллиарл өлчөмүндө насыя алынган.

«386 миллион сом «Бишкек жылуулук электр борборуна», 390 миллион сом «Датка-Кемин», «400 миллион сомдон ашыгы Токтогул ГЭСин курууга жумшалды. Андан тышкары, Ат-Башы ГЭСи оңдолуп жатат» — деди Айбек Калиев.

Өкмөт мүчөлөрүнүн айтымында, 2010-жылга чейин алынган насыялардын кайсы тармактарга жумшалганы белгисиз.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика