20:12
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сапар Исаков «Жылуулук электр борборундагы» кырсык үчүн жооп берүүгө даяр

Сапар Исаков «Жылуулук электр борборундагы» кырсык үчүн жооп берүүгө даяр. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

«Мен жоопкерчиликтен качкан жокмун. Энергетиктер кышка толук даярдыгын айткан. Бирок, өкмөт баары бир жооптуу», — деди Сапар Исаков.

Сапар Исаков кырсык болгондон кийин ЖЭБтин кызматкерлерин анын себебин дароо аныктай албай, кайра ишке киргизүүгө көп убакыт коротконун белгиледи.

«Кырсыктын себеби анык эмес. Суроолор көп. От казанды ишке киргизгенде суу толук болгон эмес, ылай пайда болгон. Андыктан ал тазаланды беле? От казанды тазалап чыкканча насос тоңуп калды. Ооба, кошумча дагы насос бар болчу. Бирок, аны ишке киргизүүдө дагы кыйынчылыктар болду», — деди премьер-министр.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума