Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга расмий сапар менен барат

11:42, 31 января 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-2-февралда расмий сапар менен Дүйшөмбүгө барат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева билдирди.

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбековду тажик лидери Эмомали Рахмон чакырды. Эки тарап бир катар маселелер менен бирге кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча дагы сүйлөшөт.