07:20
USD 69.40
EUR 81.11
RUB 1.02

Шоу-бизнес чыры: «Жылдыздуу» үй-бүлө талашын эл алдына алып чыкты

90-жылдардан бери эстрада дүйнөсүндө сыйлуу орунду ээлеп келген Бобковдордун үй-бүлөсүндөгү чыр коомчулуктун талкуусуна түштү.

«Жылдыздуу» үй-бүлө ички талашын эл алдына алып чыгып, социалдык тармакта бири-бирин каралоого жана айтышууга өттү.

«Досум Үсөн» тобунун жетекчиси, «Ырдайлы кыргыз ырларын» долбоорунун автору Юрий Бобков келини белгилүү ырчы Жанетта Бобкованын жүрүм-турумун сынга алды.

«Жанетта көп ичип, эркектер менен жүрүп кеткендиктен Денис үйдөн чыгып кетти. Ал үйүн балдарына таштап, каралашып турат» — деп жазат Юрий Бобков.

Буга чейин Жанетта үй-бүлөсүнүн бузулушуна күйөөсү Денис Бобковду айыптаган. Бул жубайлар бир топ жылдан бери чогуу түтүн булатып, эки баланы тарбиялап келет.

Эң көп окулган жаңылыктар