06:59
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

2017-жылы Жалал-Абадда өспүрүмдөр катышкан 26 кылмыш катталды

2017-жылы Жалал-Абадда өспүрүмдөр катышкан 26 кылмыш катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы маалымдайт.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн кызматкери Аида Сеиткулованын айтымында, 2016-жылы өспүрүмдөрдүн катышуусунда 16 кылмыш иши катталган. Алардан кылмышка катышкан 7 өспүрүм мектеп окуучулары болгон.

«2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы жашы жете электердин катышуусундагы кылмыштар 10го көбөйгөн. Анткен менен бул катталган кылмыштардын көбүн областтын башка район-шаарлардан келген өспүрүмдөр жасаган. Кылмыш иши шаарда катталгандыктан, алардын саны өткөн жылга салыштырмалуу көп болууда», — дейт ал.

Мэриянын маалыматында, 2017-жылы жалпы кылмыш иши менен катталган жашы жете электерге сот тарабынан чечимдер чыгарылып, 6 өспүрүм бир жыл сыноо мөөнөтү менен үй камагына алынган болсо, ал эми 3 балага соттун чечими менен эки жылга шарттуу сыноо мөөнөтү менен үй камагына чыгартылган.

Кааланын ички иштер башкармалыгынын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан жыл ичинде укук тартибин бузган 130 бала тизмеге алынган. Алардын 25и мектеп окуучулары. Өспүрүмдөрдөн учурда 44 бала тизмеде калып, 86 бала чыгарылды.
н.

Эң көп окулган жаңылыктар