Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 34 өрт кырсыгы катталды

14:13, 30 января 2018, Бишкек - 24.kg

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 34 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Тилсиз жоо бир адамдын өмүрүн алды. Ош облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда-3, Чүй облусунда — 6, Баткен облусунда-3, Бишкек шаарында-12, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустанында жана Ош шаарында 1ден өрт кырсыгы катталган.

Катталган өрт кырсыгынын көпчүлүгү турак үйлөрдө чыкса, 2 өрт кырсыгы жеке менчик унааларда тутанган. Анын ичинен 7 өрт кырсыгы морлордун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыкса, 7 өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыккан. Калган өрт кырсыктарынын келип чыгуу себеби такталууда.