Бишкекте дагы бир киши суукка тоңуп каза болду

09:36, 30 января 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте дагы бир киши суукка тоңуп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

30-40 жаштагы кишинин сөөгү ордо кааланын Осмонкул жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде табылды.

ИИБсынын маалыматында, январь айында Бишкек шаарында 15 киши тоңуп каза болду. Кечээ эки селсаяктын сөөгү табылды.