Өмүрбек Текебаевдин камерасына видеобайкоо орнотулду

17:13, 29 января 2018, Бишкек - 24.kg

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камерасына видеобайкоо орнотулду. Бул тууралуу маалыматты Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Александр Никсдорф ырастады.

Анын айтымында, видеобайкоо бир апта мурда коюлду. Ага Өмүрбек Текебаев өзү макулдук берди.

«Буга кармалуучу өзү макул болуп, кол койду. Ал өзү коопсуздугун камсыз кылууну өтүнгөн» — дейт Александр Никсдорф.