19:12
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кар нормадан үч эсеге аз жаады. Суу сактагычтарда суунун жетишсиздиги күтүлөт

Быйыл кар өлчөмдөн үч эсеге аз жаады. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде айтылды.

Айыл-чарба, мелорация жана суу чарба министрлиги эмки жылдын түшүмүн божомолдоодон алыс. Министрликтин билдирүүсүндө, суу сактагычтарда дагы суу жетишсиздиги күтүлөт.

«Киров суу сактагычында 550 миллион кубометрдин ордуна азыр, 180 миллион кубометр бар. 450 миллион кубометрга жеткирсек жакшы болот. Орто-Токой суу сактагычында 400-450 миллион куб топтолушу зарыл» — деди ал.

Ызгаардуу суукка байланыштуу электр жарыгын керектөө жогорку чекке жеткендиги маалымдалган. Өкмөт учурда энергияны экспорттоону токтотуп, калкты мүмкүнчүлүккө жараша жарыкты үнөмдөөгө чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар