29-30-январда Бишкектеги бала бакчалар иштебейт

11:57, 29 января 2018, Бишкек - 24.kg

29-30-январда Бишкектеги бала бакчалар иштебейт. Бул тууралуу шаар башкармалыгы маалымдайт.

Ызгаардуу суукка байланыштуу бала бакчалар эки күнгө жабылат.

Эскерте кетсек, мектеп окуучулары 26-январь күнү 31-январга чейин эс алууга жөнөтүлдү.

26-январдан бери Кыргызстандын айрым аймактарында аба ырайы −20 −40 градуска чейин төмөндөөдө.