Өзбекстан эмгек мигранттарын ВИЧке текшерүүдөн өткөрөт

11:08, 29 января 2018, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан эмгек мигранттарын ВИЧ-инфекциясын жуктурушу мүмкүн деген топко киргизди. Бул боюнча өлкө жетекчиси кол койгон ВИЧ-инфекциясынын жайылышына каршы чараларды күчөтүү тууралуу документте айтылат.

Өзбекстан ВИЧ-инфекциясынын жайлышына каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программа кабыл алды. Ага ылайык, оорулууларга антиретровирустук препараттарды сатып алуу үчүн каражат көбөйөт.

Илдетти жуктургандар социалдык коргоого алынып, ВИЧ-дарты бар энелерден төрөлгөн балдар кургак сүт менен камсыздалат.

Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстанда 32 миңден ашуун киши ВИЧ-инфекциясына кабылган. Кыргызстан бул илдет менен жашагандардын саны 2017-жылы 7800. Анын 600ү балдар.