Токмокто өспүрүм кыз өз жанын кыюуга аракет кылды

10:43, 29 января 2018, Бишкек - 24.kg

Токмокто өспүрүм кыз өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Алардын айтымында, өспүрүм Жантаев көчөсүндөгү жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн эң жогорку кабатына чыгып, боюн таштамакчы болгон. ӨКМдин куткаруучулары келгенче, жергиликтүү тургундар кызды бул оюнан кайтарып, аман сактап калышкан.