10:07, 29 января 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкектин Ыкчам медициналык борбору кечээ түнү 14 селсаякты топтоп, анын 12син атайын жайларга жеткирди.
Айтматов жана Исанов көчөлөрүнөн эки адамдын өлүгү табылды. Алдын-ала билдирүүлөр боюнча, алар суукка тоңуп калышкан.
Буга чейин Бишкек ички иштер башкармалыгы январь айында 15 киши суукка тоңуп өлгөнүн маалымдаган.
Кыргызстан 26-январдан бери ызгаардуу суук жүрүп жатат.