Бир айыл аймагы жана эки айылдын аталышы кыргызчаланды

14:40, 26 января 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын Боз-Учук айыл аймагы деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу буйрукка бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Андан тышкары, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылынын жана Фрунзе айылынын аталыштары өзгөрдү. Бул айылдар эми Орто-Сай жана Жыгач-Коргон деп аталышат. Айылдарга алардын тарыхый аттары кайтарылды.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.