Өлкө боюнча Баткен облусунда таза суу маселеси курч

12:10, 26 января 2018, Бишкек - 24.kg

Өлкө боюнча Баткен облусунда таза суу маселеси курч. Бул тууралуу Акыйкатчы Кубат Оторбаев маалымдады.

Анын айтымында, айрыкча Кызыл-Кыя шаарында таза суу жетишсиз.

«Шаарда күндүз 3-4 саатка гана суу берилет. Ошол мезгилде суу алып алгандар алат калгандар кийинки күнгө чейин суусуз калышат» — дейт ал.

Ошондой эле облустук айрым мектептеринде ичүүгө суу жок. Айрым айылдарда канал жана дарыядагы сууну ичишет.