11:06, 26 января 2018, Бишкек - 24.kg
Өткөн суткада 63,7 миллион киловатт-саат электр жарыгы керектилди. Бул тууралуу "24.kg«агенттигине Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев билдирди.
Анын айтымында, кышында ызгаар түшкөнчө электр жарыгы суткасына 57-58 миллион киловатт-саат керектеп жатты.
«Суук түшкөнүнө байланыштуу биз Өзбекстанга электр жарыгын сатууну убактылуу токтоттук. Күн жылышы менен кайра экспорт башталат»- деди ал.
Айбек Калиев энерготутум 3,4 миң МВт менен иштөөгө даяр. Учурда 3 миң 40 МВт иштелип чыгып, 400 МВт сакталууда.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17,9 миллард куб метр. Быйыл кардын көлөмү аз болгондуктан өкмөт эмки жылга кабартырланууда.