Биринчи жолу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммити өтөт

09:57, 26 января 2018, Бишкек - 24.kg

Биринчи жолу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммити өтөт. Бул тууралуу Asia-Plus агенттиги маалымдайт.

Буга чейин бул беш мамлекеттик президенттери КМШ, ШКУ жана ЕАЭБтин саммитеринин алкагында жолугушкан.

Саммит Казакстан менен Өзбекстандын жетекчилеринин демилгеси менен 2018-жылы Астана шаарында Нурсултан Назарбаевдин төрагалыгында өтөт.

Айрым талдоочулар бул жолугушуу аймактык кызматташтыкта чоң бурулушу болорун айтышууда. Анткени, Борбордук Азия лидерлери акыркы он жылдан бери биринчи жолу чогулушууда.