Сокулук районунда меш жарылып, жаш кыз жабыркады

09:26, 26 января 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Сокулук районунун Романовка айылындагы үйлөрдүн биринде меш жарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт

1996-жылы туулган Жанболот кызы Анаранын денесинин 65 пайызы күйгөн. Ал оор абалда Сокулук райондук ооруканага жеткирилди.