Январь айыгына чейин мектептерде эс алуу жарыяланды

14:07, 25 января 2018, Бишкек - 24.kg

Кышкы суукка байланыштуу өлкөдөгү мектеп окуучулары эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.

Мектептер 26-январдан тарта 31-январга чейин иштебейт. Окуучулар 31-январда кайра окууга чыгышат.

Мекеме белгилегендей, 5 күндүк окуу жумасы менен мектептерде окуу программалары ишемби күндөрдүн эсебинен ,ал эми 6 күндүк окуу жумасы менен мектептерде жазгы каникул эсебинен толукталат.

Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-январдан тарта аба-ырайы айрым аймактарда −40 градуска төмөндөрүн маалымдаган.