Кыргызстанда бир айда 8 оор жүк ташуучу ууна кырсыкка кабылды

11:31, 25 января 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бир айда 8 оор жүк ташуучу ууна кырсыкка кабылып, 980 миң сомдук зыян келтирилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев билдирди. 

Депутат Осмонбек Артыкбаев мындай кырсыктардын санын азайтуу үчүн өлкөнүн түштүк облустарына күйүүчү майды темир жол аркылуу ташууну сунуштады. 

Эскерте кетсек, 20-январь күнү Токтогул районунда күйүүчү май ташыган ууна Чычкан дарыясына кулап,  3 тоннага жакын балыктар кырылды.