Жогорку Кеңеш депутаттары окуучуларды эс алууга таркатууну сунуштайт

10:50, 25 января 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеш депутаттары ызгаарга байланыштуу окуучуларды эс алууга таркатууну сунуштайт. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында айтылды.

Депутат Махабат Мавлянова мектептерде 4-5 күнгө эс алуу жарыялоону сунуштады. Андан тышкары, кышында мектептерге атайын автобустарды ишке киргизүү зарылдыгы айтылды.

Кыргызстанда жакынкы күндөрү −40 градуска чейин суутат.

Жыйынга билим берүү министри чакырылып, анын маалыматынан кийин чечим кабыл алмай болушту.