14:16
USD 69.83
EUR 79.82
RUB 1.06

Мас абалында ууна айдагандар. Бир апта 20 миңге жакын айдоочу жол эрежесин бузду

Бир аптада 19 800 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 15-21-январь аралыгында мас абалында ууна башкарган 296 айдоочу кармалды. Тийиштүү документтери жок шоопурларга 573 протокол түзүлдү. Жол эрежесин бузган 813 ууна айып жайга токтотулду. Дагы 162 айдоочуга уунасын туура эмес жерге токтоткону үчүн айыппул салынды.

Эң көп окулган жаңылыктар