Жети-Өгүз районунда кар көчкү астында калган кишинин сөөгү табылды

14:00, 24 января 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кар көчкү астында калган 1979-жылы туулган Р. Ашымбаевдин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Эскерте кетсек, 21-январь күнү үч киши Көк-Жайык жайлоосуна отун алып келгени барып, көчкү астында калышкан. Экөө аман калып, 1979-жылы туулган А.Р. набыт болду.