00:38
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жол кырсыгына кабылган «Ата-Мекендин» жактоочусу мас экенин мойнуна алды

Жол кырсыгына кабылган «Ата-Мекен» партиясынын жактоочусу Таалайгүл Токтокунова спирттик ичимдик ичкенин мойнуна алды. Бирок, анын айтымында, ал рулда болгон эмес.

«Ооба биз бир ууна менен сүзүшүп кеттик. Курбу кызым экөөбүз ичкенбиз. Бирок, мен рулда эмес болчумун. Кырсык болгон жерден биз эч жакка качкан жокпуз» — деди ал.

Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын билдирүүсүндө, Таалайгүл Токтакунова тиешелүү Toyota Highlander 19-январь түнү Токтогул жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде Honda HR-V менен сүзүшүп кеткен. Рулда юрист өзү олтурган.

Таалайгүл Токтокунованын уунасы атайын жайга токтотулуп, экспертиза дайындалды.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума