«Саякбай манасчы» эл аралык фонду Улуттук китепканага он китеп тартуулады

09:45, 24 января 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында «Манас эпосу жана манасчылар», «Манас кыргыз элинин баатырдык эпосу» аттуу китептердин бет ачаары өттү. Бул тууралуу «Саякбай манасчы» эл аралык фонду маалымдайт.

Иш-чаранын алкагында анимациялык роликтер көрсөтүлуп, Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканага жаңы он китеп тартууланды.