12:58, 23 января 2018, Бишкек - 24.kg
ӨКМ 20-январь күнү Чычкан дарыясына түшүп кеткен бензовозду чыгарды. Бул тууралуу мекеме маалымдайт.
Оор жүк ташуучу уунаны кечээ кечинде гана суудан чыгарууга мүмкүн болду. Андагы 38 тонна күйүүчү май дарыяга агып кеткен.
Жергиликтүү ишкер Аманжан Бирбиевдин «24.kg» агенттигине айтымында, анын балык чарбасындагы 2,5 тонна балык кырылды.
Райондо атайын комиссия түзүлүп, кырылган балыктар анализге жөнөтүлүп, кырсыктын зыяны такталууда.