Чүй облустук төрөт үйүндө набыт болгон аялдын өлүмү текшерилет

14:37, 22 января 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облустук төрөт үйүндө аялдын өлүмү текшерилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдайт.

20-январда кесераво менен төрөгөн 42 жаштагы Роза Жусубалиева комага түшүп калган. Министрликтин маалыматында, аял акыркы бир айда ооруканада сактоодо жаткан.

Роза Жусубалиева 2 кг. 800 грамм уул төрөгөн. Артында 5 баласы калды.