Бишкекте заводдо өрт чыкты

10:11, 22 января 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Ч. Айтматов проспектиси № 1 «БМЗ» («БШЗ») ачык акционердик коомунун имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Алардын айтымында, үч кабаттуу имараттын экинчи кабаттынын 100 чарчы метри күйгөн. Имараттын экинчи жана үчүнчү кабаты зыянга учураган.